Кыргызстанда 1-январдан тарта оюн автоматтары менен бардык кумар оюндары бир гана мыйзамдуу казинолордо болушу керек

Кыргызстанда 1-январдан тарта оюн автоматтары менен бардык кумар оюндары бир гана мыйзамдуу казинолордо болушу керек. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Документке ылайык, оюн автоматтарын соода борборлорунда, компьютердик клубдарда жана сыртта орнотууга тыюу салынат. Ошондой эле, лицензиясы жок тотализаторлордун жана букмекер контораларынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлат.

 

Эгер мыйзамсыз иштеген казино аныкталса, мүлкү жана кирешеси толугу менен мамлекетке өткөрүлөт.