Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке компьютердик жабдуулар жеткирилет

Кыргызстандагы 1 миң 200 мектепке компьютердик жабдуулар жеткирилет. Билим берүү министрлиги “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында учурда Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынын жана Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине техникаларды жеткирип бүттү. Калган мектептерге 2023-жылдын январь айынын аягына чейин жеткирүү пландалууда. Долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт.

Эми коммуналдык кызматтарды санариптик облигациялар менен төлөөгө болот

Эми коммуналдык кызматтарды санариптик облигациялар менен төлөөгө болот. Накталай эмес эсептешүүлөр үчүн Каржы министрлиги 2023-жылдын 1-январынан тарта жаңы инструментти ишке киргизет. Санариптик баалуу кагаздар аркылуу биринчи этапта коммуналдык кызматтар — электр, суу, жылуулук үчүн төлөөгө мүмкүн болот. Бул механизм бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыздайт,… Кененирээк…

Кыргызстанга Кытайдан 85 өрт өчүрүүчү унаа келди

Кыргызстанга Кытайдан 85 өрт өчүрүүчү унаа келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Маалыматка ылайык, жолдо дагы 15 унаа келе жатат. Алардын ичинен 10у авариялык-куткаруучу иштерге колдонулат. Транспорт кийим-кече, түтүндөн коргоочу беткап өңдүү керектүү жабдыктар менен жабдылган.

Кыргызстанда ун кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда ун кымбатташы мүмкүн. Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы жаңы жылдан баштап буудайдын баасы 12 пайыз, ун 14-15 пайызга кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Мунун себеби Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы менен байланыштуу. Мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12 пайыз киреше салыгы… Кененирээк…

Кыргызстандын аймактарындагы мектептер кайра ачылды

Бүгүнтөн тарта Кыргызстандын аймактарындагы мектептер кайра ачылды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жер-жерлерде окуучулар оффлайн окууга өттү. Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин аралыктан окууга өткөн болчу. Ал эми Бишкектин мектептеринде онлайн билим берүүнүн мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылган. Кышкы каникул быйыл… Кененирээк…

Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов 2022-жылдагы Азиянын мыкты балбаны деп табылды. Бул тууралуу Спорттук күрөш боюнча Азиялык Кеңештен билдиришти. Жыл жыйынтыгы менен Азия чөлкөмүндө грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча япониялык Таиси Нарикуни жана кыз-келиндер күрөшү боюнча казакстандык Жамиля Бакбергенова мыкты деп аталды.

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Жолчулар трассаларды кардан тазалап, инерттүү материал себилип жатат, — дешти Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан. Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландаган айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүү сунушталат.

Синьцзянда биринчи бийик тоолуу аэропорт ачылды

Синьцзянда биринчи бийик тоолуу аэропорт ачылды. Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги билдирди. Жүргүнчүлөр лайнери буга чейин Үрүмчү – Ташкурган багыты боюнча учууну аяктады. Аэропорттун терминалынын учуп-конуу тилкесинин узундугу дээрлик 4 миң метрди түздү. Жаңы аба майдан деңиз деңгээлинен үч жарым миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан.… Кененирээк…

Кара-Көл: жаңы жылдык балатыны өрттөгөндөр кармалды

Кара-Көл шаарында жаңы жылга карата жасалган балатыны өрттөгөндөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 23-декабрда саат 05:00 чамаларда милицияга телефон чалуу болуп, анда шаардын борборундагы балаты күйүп жаткандыгы кабарланган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп тиешелүү… Кененирээк…

Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолу кийинки жылы толук реконструкцияланат

Ноокат – Кызыл-Кыя унаа жолу кийинки жылы толук реконструкцияланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында айтылды. Мамлекет башчы аталган трассаны капиталдык оңдоону 2023-жылдын жаз айларында баштап, ошол эле жылдын күзүндө бүтүрүүнү тапшырды. Белгиленгендей, оңдолгон жолдун сапаты бардык техникалык регламенттерге туура келиши… Кененирээк…