Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүрүп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи тур 28-декабрга чейин уланат.
Учурга карата 40тан ашык талон берилди, алардын басымдуусу Улуттук университетке, Арабаев атындагы университетке жана Ош мамлекеттик университетине багытталган.
Эске салсак, кышкы кабыл алуу 4 этап менен жүргүзүлөт. Калгандары январга белгиленди.