Килиан Мбаппе кайрадан планетанын эң кымбат футболчусу

Франция курамасынын жана ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе кайрадан планетанын эң кымбат футболчусу. Анын баасы 160 миллиондон 180 миллион еврого көтөрүлдү.

 

23 жаштагы форвард дүйнө чемпионатынан кийин кайрадан кымбат оюнчу аталды. Экинчи орунга “Манчестер Ситинин” чабуулчусу Эрлинг Холанд түштү. Анын учурдагы баасы 170 миллион евро. Үчилтикти бразилиялык форвард Винисиус Жуниор бекитет. Бул оюнчу 120 миллион еврого бааланат.