Кыргызстанда соңку жума ичинде сасык тумоо көрсөткүчү азайганы байкалууда

Кыргызстанда соңку жума ичинде сасык тумоо көрсөткүчү азайганы байкалууда.  Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей,  апта аралыгында 32 миң 756 бейтап катталды.

 

Бул ага чейинки жумага салыштырмалуу, 11 миңге, же 17 пайызга аз.  Ооруп жаткандардын 64 пайызы 14кө чыга элек жаш балдар.

 

Быйылкы күз-кыш убагындагы сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Оору күчөгөндүктөн мектептер 28-декабрга чейин онлайн окууга өткөн.