Министрлер кабинетинин санарип документтерге юридикалык күч берүү чечими 30-декабрда күчүнө кирет

Министрлер кабинетинин санарип документтерге юридикалык күч берүү чечими 30-декабрда күчүнө кирет.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар “Түндүк” уюлдук тиркемесинин жардамы менен документтерин электрондук форматта мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, кызматтык, юридикалык жана физикалык жактарга көрсөтө алат. Учурга карата тиркемеде паспорт, айдоочу күбөлүгү жана унааны каттоо жөнүндө күбөлүктөр жеткиликтүү.

 

Калган документтер жакынкы арада кошулат.