Бишкекте жаңы жылдык балатыны демонтаждоо башталды

Бишкекте жаңы жылдык балатыны демонтаждоо башталды Мэриянын маалыматына караганда, ордо калаада майрамдык жасалгалоонун бардык элементтери алынууда. Балатынын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактары “Тазалык” ишканасынын базасында сакталат, ал эми балаты жасалгалары жана инсталляциялары “Бишкексвет” ишканасынын кампасына ташылат.

Бишкектен Кытайга эки үзгүлтүксүз каттам ачылат

Бишкектен Кытайга эки үзгүлтүксүз каттам ачылат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин маалыматына караганда, Үрүмчү –  Бишкек –  Үрүмчү аба каттамы 31-январдан тарта аткарыла баштайт. Учактар ​​ар жуманын шейшемби күндөрү учат. Мындан тышкары Сиань – Бишкек – Сиань авиакаттамы ачылат. Жүргүнчүлөр аны 11-февралдан тарта пайдалана алышат. Самолёттор… Кененирээк…

Англияда аял жуурканга турмушка чыкты

Англияда аял жуурканга турмушка чыкты. Аялдын айтымында, ал буюмду бир көргөндө эле сүйүп калган. Эми ал кайгылуу учурда да, кубанычтуу жагдайда дагы сүйүктүү жуурканына таяна алат. Үйлөнүү үлпөт тоюна 150 конок катышты. Алардын баары халат жана пижама кийип келишкен. Белгилеп кетсек, англиялыктын жигити деле бар.… Кененирээк…

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Бүгүнтөн тарта жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 18-январда аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси анын эртеси жайгаштырылат. Студент болчу адам өзүнүн окуй тургандыгын… Кененирээк…

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө жазаны күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү сунушталууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тууралуу мыйзамга толуктоо киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат. Документ жакында Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Анда кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө… Кененирээк…

Кыргызстанда доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда 50 тыйынга кымбаттады

Кыргызстанда доллардын курсу өткөн жуманын соңку күндөрү менен салыштырганда 50 тыйынга кымбаттады. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орто эсеп менен 86 сом 20 тыйындан сатып алып, кайра үстүнө бир сом кошуп сатууда.   Евронун курсу дагы өткөн жумага карата  34 тыйынга кымбаттап,… Кененирээк…

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет

Майлуу-Суу шаарынын тургундарына таза суу бир күн ичинде берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” калаа мэри  Нурланбек Умаров билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды. Учурга карата жашоочуларга таза суу унаа менен ташылып, жадыбал менен берилип жатат.… Кененирээк…

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген акыркы чектөөлөр алынат. 2-февралдан тарта эми поезд жана автобус жүргүнчүлөрү беткап тагынбай койсо болот.   Жергиликтүү бийликтин пикиринде, калк арасында жамааттык иммунитет иштелип чыкты, андыктан, инфекция массалык түрдө жайылбайт деп күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, Германия – беткап режимин дагы эле карманып… Кененирээк…

Өзбекстан автобустук каттамдарды убактылуу токтотту

Өзбекстан автобустук каттамдарды убактылуу токтотту. Коңшу өлкөнүн транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө аномалдуу суук катталып, автобустар Казакстан жана Россия аймагында бузулуп, жүргүнчүлөр көчөдө калууда.   Андан тышкары, суукка байланыштуу аймак аралык поезддердин жүгүртмөсүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Бишкектин кайгуул милиция кызматы кыргызстандыктарды жол белгилерин билүүсүнө текшерип баштады

Бишкектин кайгуул милиция кызматы кыргызстандыктарды жол белгилерин билүүсүнө текшерип баштады. “Айдоочу жол эрежелерин билет” тестирлөөсүн ведомствонун басма-сөз кызматы жүргүзүүдө.   Текшерүү эстафета форматында өтөт. Тестти ийгиликтүү тапшырган айдоочу андан ары эстафетаны башка тааныш айдоочуларга өткөрүп берет.