Кыргызстан Парижде өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиадага 30 жолдомо алууну пландоодо

Кыргызстан Парижде өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиадага катышуу үчүн 30 жолдомо алууну пландоодо.

Спорт департаментинен билдиришкендей, спортчуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулууда.

Буга чейин Кыргызстан өз спортчулары үчүн эң көп дегенде 21 лицензия алган болсо, учурда алардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Эске салсак, оюндар келерки жайда өтөт.

Ага катышууга лицензиялар быйыл ойнотулат.