Энергетика министрлиги электр энергиясын өчүрүү графигин жарыялады.
Ага ылайык, Бишкек шаарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жарык үзгүлтүккө учурайт.
Өчүрүүлөр негизинен эртең мененки саат 7ден түн ортосуна чейин болот.
Электр жарыгын берүү орто эсеп менен бир-эки саатка токтотулат.
Мындай көрүнүш январдын аягына чейин созулат.
Энергетиктер бул чаралар жабдууларга күч келип, алардын иштен чыгышын алдын алуу үчүн зарыл деп эсептейт.