Амстердамда суу астында велосипед гаражы курулду

Амстердамда суу астында велосипед гаражы курулду.

Ал шаардык каналдардын астында жайгашкан.

Эки дөңгөлөктүү транспортту бул жерге бир күн акысыз токтотсо болот, андан кийин күнүнө бир евродон бир аз көбүрөөк төлөө керек.

Муну менен Амстердам бийлиги велосипеддер үчүн токтоочу жайларды жөнөкөйлөштүрүп, коомдук мейкиндикти жөө жүргүнчүлөр менен туристтерге кайтарууну чечти.