Жыл башынан бери Кыргызстанда 500дөй айдоочу камсыздандыруу полисин алды

Жыл башынан бери Кыргызстанда 500дөй айдоочу камсыздандыруу полисин алды.

ОСАГО алуу шарттарын Novosti.kgге Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова түшүндүрүп берди.

“Азыр ОСАГО боюнча Кыргызстандын аймагында 10 камсыздандыруу компаниясы лицензияланган.

Алар менен биздин мекеменин сайтынан таанышса болот.

Камсыздандыруу үчүн автоунаа ээлери өзүнүн паспортун, техпаспортун жана айдоочу күбөлүгүн ала барышы керек.

Базалык ставка 1 миң 680 сомдон башталат”.

Баа унаанын түрүнө, кыймылдаткычынын көлөмүнө, айдоочунун жаш курагы менен стажына жараша өзгөрөт.

Полистин баасы орто эсеп менен алганда бир жылга 2 миң сомду түзөт.

Айдоочулар камсыздандыруу полисин сөзсүз бир жылга алышы шарт эмес.

Беш күндөн 12 айга чейин алса болот.