Абоненттер электр энергиясынын мүмкүн болгон өчүрүүлөрү тууралуу эскертилет

Абоненттер электр энергиясынын мүмкүн болгон өчүрүүлөрү тууралуу эскертилет. Улуттук электр тармактары компаниясынан билдиришкендей, буга чейин кайсы райондо электр энергиясы максималдуу колдонула тургандыгы белгисиз болгондуктан, эртелеп эскертүү мүмкүн болгон эмес.   Эми буга чейинки өчүрүүлөрдү анализдеп, кайсы тилкелерде ашыра жүк келүү боло турганын айтса болот.  … Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алдыдагы күндөрү Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.   Айдоочуларга унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Мектеп окуучуларынын улуттук олимпиадасы 21-январда башталат

Мектеп окуучуларынын улуттук олимпиадасы 21-январда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, олимпиада 4 этап менен математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча өтөт.   Улуттук олимпиадага окуган классына карабастан бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн окуучулар электрондук каттоодон өтүүгө тийиш.

Кыргызстандыктар эми товардын сапатын жана анын мыйзамдуулугун текшере алат

Кыргызстандыктар эми товардын сапатын жана анын мыйзамдуулугун текшере алат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул учурда “Текшер” уюлдук тиркемеси жардамга келет.   Текшерүү үчүн аны смартфонго жүктөп, маркировкалоо кодун сканерден өткөрүү керек. Кандайдыр бир бузуулар аныкталса, жаран ошол эле тиркеме аркылуу арыз жөнөтө алат. Андан кийин… Кененирээк…

Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынын айрым мектептери онлайн-окутууга өттү

Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарынын айрым мектептери онлайн-окутууга өттү. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, чечим катуу суукка байланыштуу Мамлекеттик санэпидем көзөмөл  инспекциясынын сунушуна ылайык кабыл алынды.   Андан тышкары, ар кандай аймактарда жалпысынан 47 бала бакча жабылды. Бул объектилерде салттуу билим берүү качан жанданат, азырынча… Кененирээк…

Кыргызстанда бизнести милиция жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарыбанан текшерүүгө тыюу салынган

Кыргызстанда бизнести милиция жана башка ыйгарым укуктуу органдар тарыбанан текшерүүгө тыюу салынган. Экономика министрлигинен эске салышкандай, мораторий жыл аягына чейин күчүндө болот. Бирок бизнести текшерүүгө мүмкүн боло турган артыкчылыктар бар.   Алсак – кылмыш жана жарандык иштер, мамлекеттик органдардын сурамы менен жана бааларды жөнгө салуу… Кененирээк…

Энергетикалык компаниялар уруксат берилген кубаттуулукту сактоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө

Энергетикалык компаниялар уруксат берилген кубаттуулукту сактоо боюнча рейддерди жүргүзүүдө. Улуттук энерго холдингден билдиришкендей, текшерүүнүн алкагында электр энергиясын белгиленген кубаттуулуктан ашыра колдонгон ишкерлер электркамсыздоодон өчүрүлүп баштады.   Калган абоненттер арасында адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.   Мындай чара жылуулук сезонунан ийгиликтүү чыгуу, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын… Кененирээк…

Кыргызстанда 2022-жылы көзөмөл-кассалык аппараттарын колдонгон ишкерлердин саны үч эсе көбөйдү

Кыргызстанда 2022-жылы көзөмөл-кассалык аппараттарын колдонгон ишкерлердин саны үч эсе көбөйдү. Учурда алардын саны 65 миң 422 субъектти түзөт, — деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.   Мекеме маалыматына ылайык, буга салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чаралары жана ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди акысыз таратуу себеп… Кененирээк…

Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду

Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаар тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.   Өкмөттүн басма сөз кызматынан белгилешкендей,  авариянын себептери дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылат.   Эске салсак, Майлуу-Сууда… Кененирээк…