Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары 20 пайызга азайды

Кыргызстанда адам өмүрүн алган жол кырсыктары 20 пайызга азайды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан билдиришти.

2022-жылдын 12 айында өлкөдө 7 миңден ашык жол кырсыгы катталган.

Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5 пайызга, көз жумгандар 20 пайызга жана жараат алгандар дээрлик 3 пайызга кыскаргандыгын көрсөтүп турат, — деп айтылат маалыматта.