Шакира менен Жерар Пикенин тиреши уланууда

Колумбиялык ырчы Шакира менен мурунку сүйүктүүсү, испаниялык футболчу Жерар Пикенин тиреши уланууда.

Жылдыз өзүнүн үйү менен Пикенин апасынын үйүнүн ортосуна дубал кура баштады.

Шакиранын кайненеси менен мамилеси ал уулунун 23 жаштагы Клара Чиа менен сүйлөшүп жүргөнүнө макул болгондон кийин бузулган.

Буга чейин ырчы коркунучтуу куурчакты Пикенин апасынын үйүн караган балконго илип койгон.