Майлуу-Сууга жылуулук берүү бүгүн толугу менен калыбына келтирилет

Майлуу-Сууга жылуулук берүү бүгүн толугу менен калыбына келтирилет.

Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраев ишендирүүдө.

Анын айтымында, учурда 340тай абонентке жылуулук бериле элек.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 12-январда катуу сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Башкы прокуратура от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш ишин козгогон, учурда тергөө жүрүүдө.