Чүй облусунда жаңы тоо-лыжа курорту курулат

Чүй облусунда жаңы тоо-лыжа курорту курулат. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, объект Байтик айылында жайгашат. Анын курулушуна жер тилкеси бөлүнүн, иштер ушул жылы башталат деп пландалууда.   Долбоорду ишке ашырууга Өзбекстандан өнөктөштөр колдоо көрсөтөт.

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу кампаниясынын алкагында 500дөн ашык студент кабыл алынды

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу кампаниясынын алкагында 500дөн ашык студент кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.   Жалпысынан кышкы кабыл алууга 822 талон каттоодон өтүп, 661 абитуриент катышкан. Анын ичинен 590у жогорку окуу жайларга кабыл алынды.   Эске салсак, 2022-жылы биринчи жолу… Кененирээк…

Быйыл 2 миңден ашык кыргызстандык Улуу Британияга иштөөгө бара алат

Быйыл 2 миңден ашык кыргызстандык Улуу Британияга иштөөгө бара алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен британдык дипломатиялык өкүлчүлүк ортосундагы макулдашуу кабыл алынды.   Учурда Бишкекте жана Ошто аталган өлкөгө айыл-чарба иштерине барууга талапкерлерди тандоо жүрүүдө. Келишимдин мөөнөтү – жарым жыл, акысы – саатына… Кененирээк…

Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо башталды

Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Буга чейин атайын буйруктун негизинде асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо процессинин планы бекитилген.   Аларды ишке ашырууга райондук ветеринардык башкармалыктар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышат.  … Кененирээк…

Кыргызстан банктарындагы насыялардын жалпы көлөмү 204 миллиард сомдон ашты

Кыргызстан банктарындагы насыялардын жалпы көлөмү 204 миллиард сомдон ашты. Өткөн жылдын декабрына карата маалыматтар менен Улуттук банк бөлүштү. Ага ылайык, дээрлик 156 миллиард улуттук валютада алынган кредиттер болсо, калганы – чет элдик валютада.   Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Буга чейинки максимум ноябрда катталган –… Кененирээк…

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу. Эми колдонуучулар жаңы форматтагы тайпаларда дагы реакция калтыра алат. Кеп бир гана администраторлор жазууга укуктуу тайпалар тууралуу болуп жатат.   Аларда билдирүүгө реакция калтырган учурда, колдонуучунун телефон номери көрсөтүлбөйт. Жаңы функция учурда сыноодон өтүп жатат, азырынча ал качан жеткиликтүү боло турганы… Кененирээк…

Эртең, 1-февралдан тарта патент менен иштөөдө өзгөртүүлөр киргизилет

Эртең, 1-февралдан тарта патент менен иштөөдө өзгөртүүлөр киргизилет. Мамлекеттик сал ык кызматынан билдиришкендей, ишкердүүлүктүн 19 түрү кыскартылып, 87нин ордуна анын 67 түрү гана калат.   Ошондой эле жеке ишкерлик боюнча патенттердин саны кыскарат – 56дан 34кө чейин, жеке эмгек ишкердүүлүгү тескерисинче 3 түр менен толукталып,… Кененирээк…

Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы дагы 2-3 сомго арзандашы күтүлөт

Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы дагы 2-3 сомго арзандашы күтүлөт. Бул тууралуу 24 агенттигине Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.   Анын айтымында, өткөн жылдын декабрынан тарта өлкө аймагында бензиндин баасы орточо эсеп менен 5 сомго төмөндөдү. Бул Россия заводдорундагы дүң баанын арзандашына байланыштуу… Кененирээк…

Корея Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы жакшыртууга 27 миллион доллар бөлүп берет

Корея Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы жакшыртууга 27 миллион доллар бөлүп берет.   Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев билдирди.   Анын айтымында, каражат 40 жылга насыя катары берилет. Сумма 130 орунга чакталган кошумча корпусту курууга, заманбап жабдууларды сатып алууга, оорукананын маалыматтык системасын… Кененирээк…

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 30-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.   Жыйында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион… Кененирээк…