Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо башталды

Кыргызстанда асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Буга чейин атайын буйруктун негизинде асыл тукум кой-эчкилерди идентификациялоо процессинин планы бекитилген.

 

Аларды ишке ашырууга райондук ветеринардык башкармалыктар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, өз алдынча башкаруу органдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышат.

 

Белгилеп кетсек, идентификация эт жана сүт азыктарын экспорттоону жолго коюудагы маанилүү элементтердин бири болуп саналат. Өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатат.