Кыргызстан банктарындагы насыялардын жалпы көлөмү 204 миллиард сомдон ашты. Өткөн жылдын декабрына карата маалыматтар менен Улуттук банк бөлүштү. Ага ылайык, дээрлик 156 миллиард улуттук валютада алынган кредиттер болсо, калганы – чет элдик валютада.
Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Буга чейинки максимум ноябрда катталган – 196 миллиард сом.