WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу. Эми колдонуучулар жаңы форматтагы тайпаларда дагы реакция калтыра алат. Кеп бир гана администраторлор жазууга укуктуу тайпалар тууралуу болуп жатат.

 

Аларда билдирүүгө реакция калтырган учурда, колдонуучунун телефон номери көрсөтүлбөйт. Жаңы функция учурда сыноодон өтүп жатат, азырынча ал качан жеткиликтүү боло турганы белгисиз.