Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт

Кыргызстанда 229 миң үй-бүлө жакыр жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 30-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айтты.

 

Жыйында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алуу келишими колдоо тапты.

 

Улуттук статистика комитеттин эсеби боюнча, 2021-жылы Кыргызстанда жакырлардын саны 2 млн. 244 миң кишиге жеткен. Бул Кыргызстандын калкынын 33,3% түзөт. Анын ичинен, 407 миң адам же калктын 6% өтө жакыр. Мындан тышкары, дагы 500 миңге чукул же 10% калк жакырчылык чегине жакын жашайт.

Жакырчылыктын деңгээли боюнча 2022-жылдын маалыматы азырынча жарыялана элек. Эл аралык уюмдар соңку бир жылда Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээли 38% жетерин божомолдоп келишет.