Кыргызстанда 1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат

Кыргызстанда 1-марттан тарта ККМдин эски үлгүлөрү колдонуудан алынат.

Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фискалдык модуль менен иштебеген көзөмөл-кассалык аппараттар 28-февралдан баштап мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт.

ККМ колдонуудан чыгарылса, кассалык чек берүү аркылуу калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүн болбой калат.

Бул кийин административдик жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Белгилеп кетсек, салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт былтыртан тартып ишкерлерден ККМ колдонууну талап кыла баштаган.