Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар кыргыз боз үйлөрүнө жайгаштырыла баштады

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар кыргыз боз үйлөрүнө жайгаштырыла баштады.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышкандай, алар аталган мамлекеттин Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги координациялаган тизме менен киргизилет.

Эске салсак, зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы стадиондорунун бирине Кыргызстандан жөнөтүлгөн жүздөгөн боз үй тигилген.