Швецияда коопсуздук жаздыкчасы бар джинсы шымдарды ойлоп табышты

Швецияда коопсуздук жаздыкчасы бар джинсы шымдарды ойлоп табышты. Жаңычылдык негизинен мотоцикл айдагандарга ылайыкташкан. Ал кырсык болгон учурда байкерлердин денесинин төмөнкү бөлүгүн коргоону камсыз кылат. Продукция кайра иштетүүгө да жарайт. Товардын жакын арада сатыкка чыгары күтүлүүдө.

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу кыскартылат

Мектеп окуучуларынын жазгы каникулу кыскартылат. Билим берүү министрлиги эскертекендей, мартта окуучулар мурда белгиленгендей 10 күн эмес, беш күн эс алышат. Муну менен мектептерде жазгы каникул 22-марттан 26-мартка чейин созулат. Сабактар ​​27-мартта башталат. Мындай чара сууктан улам кышкы каникулдардын узартылганына байланыштуу.

Маморгандар мамлекеттик сатып алууларга жумшаган каражат азайды

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40,5 миллиард сомдон ашык жумшаган. Бул тууралуу “Акчабар” порталы мамлекеттик сатып алуулар сайтына шилтеме берүү менен билдирди. Белгиленгендей, бир жыл мурун бул көрсөткүч дээрлик 33 пайызга көп болгон. Ал эми жалпысынан акыркы беш жылда бул өлкөдөгү мамлекеттик… Кененирээк…

Медициналык камсыздандыруусу жокторго айып пул салынбайт

Медициналык камсыздандыруусу жокторго айып пул салынбайт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөмбаева билдирди. Анын айтымында, камсыздандыруусу жок жарандар деле үй-бүлөлүк дарыгердин жардамын ала алышат жана мамлекет аларга шашылыш медициналык жардамды кепилдейт. Ошол эле учурда полис болсо, жарандар медициналык кызматты акысыз… Кененирээк…

Бишкекке жаз жылнаама менен тең келет

Бишкекке жаз жылнаама менен тең келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүрсүгүнү – 1-мартта күн кадимкидей жылуу болуп баштайт. Бүгүн жана эртең ордо калаада аба табы +7 градусту көрсөтсө, түнкүсүн бир аз суук болот.   Ал эми жаздын алгачкы күнү 1-марттан тарта термометр мамычаларынын көрсөткүчү кескин көтөрүлөт.… Кененирээк…

Бишкекте эртеңден тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Бишкекте эртеңден тарта карызы бар керектөөчүлөрдүн жарыгы аралыктан өчүрүлөт.   Электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, ордо калаада 5,3 миң абоненттин электр энергиясы үчүн бересеси бар.   Жарыгы жок калбаш үчүн, керектөөчүлөргө карызды бүгүн төлөө сунушталат. Төлөмдөр электрондук капчык, терминал, банк кассалары жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  дээрлик 71 миллион сомдон ашык чогултту

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга кыргызстандыктар дээрлик  дээрлик 71 миллион сомдон ашык чогултту. Атайын ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке каражатты табигый кырсыкка кайдыгер эмес жарандар которуп жатат.   Акчалай жардам берүүнү каалагандар сом, доллар, рубль жана евро түрүндө салым кошо алат.

Түркияда футбол күйөрмандары оюн талаасына миллиондогон оюнчуктарды ыргытышты

Түркияда футбол күйөрмандары оюн талаасына миллиондогон оюнчуктарды ыргытышты. Түркия Суперлигасынын алкагында “Бешикташ” менен “Антальяспор” кез келген.   Беттеш старт алып, 4 мүнөт өткөндөн кийин оюн токтотулду. Анткени, футбол күйөрмандары талаага оюнчуктарды ыргытышкан. Бул өзгөчө акциянын алкагында чогулган оюнчуктар жер титирөөдөн жабыркаган балдарга жөнөтүлөт.

Токтогул сактагычында суунун көлөмү дагы эле азаюуда

Токтогул сактагычында суунун көлөмү дагы эле азаюуда. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата резервуарда 8 миллиард 180 миллион кубометр суу калды.   Нымдуулуктун агып кириши болгону  152 кубометрди түзүп жатат, ал эми чыгышы 4 эсе көп – 626 куб. Белгилеп кетсек, Токтогул максималдуу… Кененирээк…

Мамлекеттик ооруканалардагы компьютердик томография күнү-түнү иштейт

Мамлекеттик ооруканалардагы компьютердик томография күнү-түнү иштейт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жетекчилерге диагностиканын баасын 1,5 миң сомдон ашык орнотпоо тапшырмасы берилди.   Эске салсак, компьютердик томографтар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарындагы бирдиктүү ооруканаларында иштеп жатат.