Токтогул сактагычында суунун көлөмү дагы эле азаюуда. “Электр станциялары” компаниясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата резервуарда 8 миллиард 180 миллион кубометр суу калды.
Нымдуулуктун агып кириши болгону 152 кубометрди түзүп жатат, ал эми чыгышы 4 эсе көп – 626 куб. Белгилеп кетсек, Токтогул максималдуу түрдө сууга толгондо – 19,5 миллиард кубометрге жеткен, орточо көлөм – 17 миллиард куб болушу керек.
Критикалык чекке аз калганына байланыштуу, жарандарга электр энергиясын үнөмдүү колдонуу сунушталат.