Медициналык камсыздандыруусу жокторго айып пул салынбайт

Медициналык камсыздандыруусу жокторго айып пул салынбайт.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөмбаева билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруусу жок жарандар деле үй-бүлөлүк дарыгердин жардамын ала алышат жана мамлекет аларга шашылыш медициналык жардамды кепилдейт.

Ошол эле учурда полис болсо, жарандар медициналык кызматты акысыз алышат же жалпы сумманын бир бөлүгүн гана төлөшөт.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеш милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алган.

Ага ылайык, камсыздандырууну 16 жаштан жогорку бардык жарандар жана чет өлкөлүктөр сатып алышы керек.