Маморгандар мамлекеттик сатып алууларга жумшаган каражат азайды

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алууларга 40,5 миллиард сомдон ашык жумшаган.

Бул тууралуу “Акчабар” порталы мамлекеттик сатып алуулар сайтына шилтеме берүү менен билдирди.

Белгиленгендей, бир жыл мурун бул көрсөткүч дээрлик 33 пайызга көп болгон.

Ал эми жалпысынан акыркы беш жылда бул өлкөдөгү мамлекеттик сатып алууларга жумшалган эң аз сумма.