Бүгүн таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди

Бүгүн таңда Кыргызстанда эки ирет жер титиреди.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, биринчиси 3.42де катталып, күчү 5 баллды түздү, ал эми экинчиси таңкы 6да болуп, күчү 5,6 баллга жетти.   Зилзаланын очогу Кыргызстан менен Кытайлые чек арасындагы Какшаал тоолорунда жайгашты. Жердин силкинүү күчү Таш-Короо, Кургак,… Кененирээк…

Эрназар Акматалиев Египетте өткөн эл аралык турнирде алтын медаль багындырды

Эрназар Акматалиев Египетте өткөн эл аралык турнирде алтын медаль багындырды. Кыргызстандык балбан 70 килограмм салмак категориясында чыгып, финалдык жолугушууда АКШдан келген атаандашын утуп алды.   Ошондой эле Тайырбек Жумаш уулу украиналык балбанды 10:0 эсебинде жеңип, алтын медаль тагынды. Учурда Кыргызстандын капчыгында 9 медаль бар, анын… Кененирээк…

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо электрондук форматта өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо электрондук форматта өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Бул үчүн пилоттук режим менен Самаркандек айыл кеңеши тандалып алынды.   Электрондук добуш берүү системасы шайлоо тилкесинен тышкары колдонулат.   Ага тизмеге эртелеп киргизилген жарандар катыша алат. Ал үчүн 15 күн мурун “Түндүк” порталына… Кененирээк…

Бишкекте быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курулат

Бишкекте быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жарыялады. Анын айтымында, кийин мамлекет тарабынан ордо калаада окуу жайлар салынбайт.   Зарыл болсо, курулушту жеке бизнес ишке ашырат.   Жер тилкесин бийлик бул максатта акысыз бөлүп берип, бардык коммуникацияларды өткөрүп… Кененирээк…

Ошто, Ысык-Көлдө мыйзамсыз менчиктелген жерлер кайтарылат

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарында 1644 чарчы метр, Ысык-Көлдө курорттук-рекреациялык аймактагы 4,62 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Ош шаарынын мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө менчикке берилген. Бул боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында… Кененирээк…

АКШ тургуну ката кетирип, 50 миң доллар утуп алды

АКШ тургуну ката кетирип, 50 миң доллар утуп алды.   Мэриленд штатынын жашоочусу дүкөнгө кирип дароо ойнотулуучу лотерея билетин алууну чечкен. Бирок ал 2 долларлык билеттин ордуна байкабай 20 доллар турган билетти алып алган.   Ашыкча акчасын коротуп алганына кейип атып аял 50 миң доллар… Кененирээк…

Кыргызстандан Россияга товар экспорттоо 2,5 эсеге көбөйдү

Кыргызстандан Россияга экспорттолгон товарлардын көлөмү дээрлик 2,5 эсеге көбөйдү. Бул боюнча Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Билдирмеге ылайык, өткөн жыл ичинде Кыргызстандын чет өлкөлөр менен товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 11,8 миллиард долларды түзгөн. Анын ичинен 27,4 пайызы же 3,2 миллиард доллары Россия менен жүргүзүлгөн соода-сатык. Аталган өлкө… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта жаңы автобустук каттам кое берилет

Бишкекте бүгүнтөн тарта жаңы автобустук каттам кое берилет. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, №31 автобус №101 маршруттук каттамдын ордуна жүрөт.   Линияда 15 автобус иштейт.   Буга байланыштуу №101 маршруттук каттам өзгөртүлүп, ал эми №113, 213 жана 214-маршруттук каттамдар жоюлду. Эске салсак, шаар бюджетинен 1 миллиард… Кененирээк…

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат

Мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров Билим берү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге берди.   Ага ылайык, мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга ата-энелерден акча чогултулбашы керек. Бул максатта окуу жайларга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Баткенде жарылуудан чек арачы жоокер жаракат алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын аскери белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан улам жаракат алды. Жардыргыч зат 25-февралда Баткендеги №2021 аскер бөлүгүндө автоунааларды кароо учурунда жарылган. Жараат алган 19 жаштагы жоокер Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орточо оор.… Кененирээк…