Бишкек-Самара поезди өз багыты боюнча жүрө баштады

Бишкек-Самара поезди өз багыты боюнча жүрө баштады.

Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Эске салсак, 5-мартта эртең менен Казакстандын Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышкан.

Поездде 200дөн ашык адам отурган, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын жарандары болгон.

Кагылышууда эч ким жабыркаган жок, кырсыкты иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.