Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевди 1-мартта билим берүү жана илим министри кылып дайындоого макулдук берген.

Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Адистиги боюнча журналист, экинчи адистиги – саясат таануучу.

Ал мурдагы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы болгон.