Эртең Бишкектин үч конушунда таза суу жок болот.
Муниципалитеттен билдиришкендей 7-мартта эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин Энесай, Дордой-1, Дордой-2 конуштарында суу берүү токтотулат.
Убактылуу өчүрүү «Энесай» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу.
Мындан улам жарандар жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусу зарыл.