Кыргызстанда пиязды экспорттоого чектөө алынды

Кыргызстанда пиязды экспорттоого чектөө алынды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү токтом 3-марттан тарта күчүнө кирди.

Документ жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Эске салсак, пиязды сыртка чыгарууга тыюу 31-январдан тарта үч айга салынган.

Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында кабыл алынганы кабарланган.