Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат
Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган каттам эртең, 23-мартта эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин иштебейт. Мунун себеби жол оңдоо иштерине байланыштуу.