Бишкекте үй панелдерин өндүрүү боюнча завод ишке кирет

Бишкекте үй панелдерин өндүрүү боюнча завод ишке кирет. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Керектүү италиялык жабдуулар жеткирилди.   Жакынкы арада адистер аны орнотуп баштайт. Белгилеп кетсек, заводдун продукциясы социалдык жана өнөр-жай объектилерин курууда колдонулат. Бул өз кезегинде Кыргызстандын цемент заводдорунун ишин жана негизи… Кененирээк…

Катарлык шейх “Манчестер Юнайтед” клубун рекорддук суммага сатып алуу ниетинде

Катарлык шейх “Манчестер Юнайтед” клубун рекорддук суммага сатып алуу ниетинде. Катардын падыша үй-бүлөсүнө жакын инвестор команда үчүн 6 миллиард доллардан ашык сунуштады.   Ушундай эле сумманы британиялык миллиардер Джим Рэтклифф дагы төлөөгө даяр. Клуб кимге сатыла турганы бүгүн белгилүү болот. Эске салсак, “Манчестер Юнайтедке” ээлик… Кененирээк…

Бишкек жана Оштон Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылат

Бишкек жана Оштон Абу-Дабиге түз аба каттамдары ачылат. Эл аралык каржылык корпорация Швейцариянын жардамы менен “Манас” аэропортунун мүмкүнчүлүктөрүн жана эл аралык каттамдарынын географиясын кеңейтүү артыкчылыктарын изилдеп чыгып, ар бир каттам боюнча сунуш-пикирлерин берген.   Натыйжада арабиялык авиакомпания менен биргеликте быйыл июнь айынан тартып Абу-Даби –… Кененирээк…

Нарын облусунда “социалдык келишим” долбоору менен быйыл 600 аз камсыздалган үй-бүлө камтылат

Нарын облусунда “социалдык келишим” долбоору менен быйыл 600 аз камсыздалган үй-бүлө камтылат.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, ар бирине жеке ишкерлик ачуу үчүн 100 миң сомдон тапшырылат. Жалпысынан, долбоорду кеңейтип Кыргызстан боюнча 10 миң үй-бүлөгө… Кененирээк…

Жол инспекторлоруна пара сунуштаган айдоочулар дагы жоопкерчиликке тартылат

Жол инспекторлоруна пара сунуштаган айдоочулар дагы жоопкерчиликке тартылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кызматтык жакка пара берүү үчүн 30 миңден 50 миңге чейин айып салынат же 2 жылга эркинен ажыратуу каралат.   Ведомстводон такташкандай, учурда кадрдык тазалоо жүрүүдө.   Ордун кыянаттык менен пайдаланган… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө убактылуу жашаган баткендиктер жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна электрондук добуш берүү жолу менен катыша алат

Бишкек жана Чүйдө убактылуу жашаган баткендиктер жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна электрондук добуш берүү жолу менен катыша алат.   Боршайкомдон билдиришкендей, жарандарга электрондук кол тамга берилип, процедуранын жол-жобосу түшүндүрүлдү.   Эске салсак, электрондук добуш берүү сыноо режиминде Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл кеңештеринде колдонулат. 5… Кененирээк…

Жети-Өгүздө маданият үйү бала бакчага айланды

Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында балдар бакчасы иштей баштады. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашкандай, имарат мурда маданият үйү болгон. Бакчага тийиштүү шарттар каралган жана коопсуздук талаптарына жооп берет. Курулуш иштери толугу менен аталган фонд тарабынан каржыланган. Тендердик баасы 14 млн 287 миң 443 сомду түздү. Буга… Кененирээк…

Ош–Баткен–Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө

Ош–Баткен–Раззаков унаа жолу кеңейтилүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Ноокат районунда аталган унаа жолдун 40-46-чакырымдарында жүрүүдө. Жолдун бул бөлүгү бак-дарактардан тазаланып, шагыл төгүлүп, тегизделип жатат, — деп айтылат маалыматта. Эске салсак, трассаны оңдоо ушул айда расмий башталган. Долбоорго Дүйнөлүк банктан,… Кененирээк…

Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукана курулууда

Жалал-Абадда кургак учукка каршы жаңы оорукана курулууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, заманбап борбор 96 койкалуу болот. Аны ушул жылдын октябрь айына бүткөрүү пландалып жатат. Курулушка жалпысынан 300 миллион сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, аймактагы кургак учукка каршы буга чейинки оорукана 1948-жылдары салынган. Учурда анда дарылануу, медицина… Кененирээк…

Баткендин Ак-Сай айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды

Баткендин Ак-Сай айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда курулушка капсула салынды. Бала бакча Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Объектти ушул күздө пайдаланууга берүү пландалууда.