Кант–Ивановка темир жол каттамы убактылуу токтотулат.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган каттам эртең, 23-мартта эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин иштебейт.
Мунун себеби жол оңдоо иштерине байланыштуу.