Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ болбойт

Бишкектин айрым райондорунда 2 күн газ болбойт.

Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көлмө жаңы конушунда, ошондой эле Лермонтов, Восточная, Ибраев, Ленин көчөлөрү кесилишкен аймакта, мындан сырткары, Фрунзе, Коенкозов, Манас, Чүй проспектилери кесилишкен жерде бүгүн жана эртең газ өчүрүлөт.

Мунун себеби оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.