“Унаа” мамлекеттик мекемеси убактылуу иштебей жатат.
Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, интернет-провайдерде техникалык мүчүлүштүктөр пайда болду.
Буга байланыштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрүндө автотранспортторду каттоодо тоскоолдуктар жаралууда.
Белгиленгендей, учурда көйгөйдү жөнгө салуу иштери жүрүп жатат.