Бишкекте айрым маршруттук каттамдардын кыймылы өзгөртүлдү

Бишкекте №135, 136 маршруттук каттамдардын жана №48 автобустун кыймылы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, маршруттук каттамдардын багыты Асаналиев көчөсүнө канализациялык коллектор төшөлүп жаткандыгына байланыштуу өзгөрдү. Мындан улам жарандар каттамды алдын ала пландап алуусу зарыл.

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылгандар эми жоопко тартылат

Кыргызстанда каржы пирамидасын жарнама кылгандар эми жоопко тартылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду.   Документке ылайык, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнама кылгандарга 150 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салынат же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат.   Документ алдыда… Кененирээк…

Нарында айылдар ирилештирилет

Нарында пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт. Бул боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Ага ылайык, облустагы бир катар айылдар бириктирилет.   Ирилештирүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджетке киреше салыгынан түшүүчү каражаттын 50 пайызы Нарындын райондорун өнүктүрүү фондуна берилет.

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады

Бишкекте таштандыны туш келди ыргыткандарга айып пул салына баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, шаарды көрктөндүрүүгө көзөмөл кылган инспекция “Тазалык” ишканасы менен бирге рейддерди жүргүзүп жатат. Алсак, эки күндө үч райондо алты тартип бузуу аныкталып, 45 миң сом айып салынды.

Бишкектен Анталияга авиакаттамдардын көбөйтүлүшү күтүлүүдө

Бишкектен Анталияга авиакаттамдардын көбөйтүлүшү күтүлүүдө. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, 15-апрелден тарта ата мекендик авиакомпания Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдарды ачууну пландап жатат.   Каттамдар жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.   Белгилеп кетсек, буга чейин… Кененирээк…

Кыргызстандыктар бул аптада үч күн катары менен эс алышат

Кыргызстандыктар бул аптада үч күн катары менен эс алышат.   7-апрелде өлкөдө Апрель революциясынын күнү белгиленет. Быйыл ал жума күнгө туш болгондуктан, жарандар катары менен 7-апрелден тогузуна чейин эс алат.