Жогорку Кеңеш пенсиялык реформа жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды

Жогорку Кеңеш пенсиялык реформа жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда артка кайтарды. Депутаттардын пикиринде Соцфонд алардын оюн эске алып, документти оңдогон эмес.

 

Ал эми министрлер кабинетинен белгилешкендей, демилгечилерге мыйзамды редакциялоого 1,5 ай берилген. Эми эрежеге ылайык, мыйзам долбоорду парламенттин кароосуна кайрадан жарым жылдан кийин гана алып келсе болот.

 

Эске салсак, реформа бир катар өзгөртүүлөрдү камтымак. Алсак, мамлекеттик кызматта иштеген аялдардын пенсияга чыгуу курагын 58ден 60 жашка чейин көтөрүү сунушталган.