1 миңден ашык чет элдик Кыргызстанда “санарип көчмөн” макамын алды

1 миңден ашык чет элдик Кыргызстанда “санарип көчмөн” макамын алды. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын сентябрынан тарта 3 миңден ашык адам арыз берди.

 

Алардын бир бөлүгү документтердин кароосун күтүп жатса, айрымдарынын сурамы документтердин жетишсиздигине байланыштуу четке кагылды.

 

Эске салсак, “санарип көчмөн” макамын Азербейжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын IT, медиа, санарип искусствосу, графикалык дизайн жана башка тармактарда иштеген жарандары ала алат. Макам бир катар артыкчыларыктарды берет.

 

Алсак, анын ээлери 1 жыл бою жумушка орношууга уруксат албай койсо болот.