Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналы курулуп жатат

Баткен районунун Кара-Булак айылында Суу-Башы каналы курулуп жатат.

 

Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иштерди жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдар жүргүзүүдө.

 

Объект колдонууга май айында берилип калат. Кийин каналдын суусу ичүүгө жана жер сугарууга колдонулат.