Төө-Ашууда кар жаап жатат
Төө-Ашууда кар жаап жатат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкек – Ош жолунда кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңушу мүмкүн. Андыктан, трасса аркылуу жайкы дөңгөлөктөр менен сапарга чыгуу сунушталбайт. Ошондой эле унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо керек.