Улуттук банк онлайн-казинолого чет элдик валютаны кабыл алууга уруксат берүүнү сунуштады

Улуттук банк онлайн-казинолого чет элдик валютаны кабыл алууга уруксат берүүнү сунуштады.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, республика аймагында бардык эсептөөлөр сом менен гана жүргүзүлөт.

 

Бул үчүн маселелер жаралышы мүмкүн. Мыйзам боюнча чет элдиктер эле оюн-зоок жайларынын кардары боло алат, алар болсо башка валюта менен төлөй албай калат. Андыктан, Улуттук банк тиешелүү банк мыйзамдуулугуна өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.