Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылууга 23 миллион евро бөлүнөт

Майлуу-Сууда уран калдыктарын жок кылууга 23 миллион евро бөлүнөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Европалык кайра калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен аткарылат.

 

Адистер 4 объектти коопсуз жерге көчүрүп, шахталарды жаап салуу чечимин кабыл алды. Ведомстводон белгилешкендей, бул экологиялык иштер жүргүзүлүүчү үчүнчү объект. Өткөн жылдын декабрында ушундай эле жумуштар Шекафтар жана Миң-Куш айылдарында аткарылган.