Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачык

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолу эки тараптуу ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда бороон токтой элек. Жолчулар жеринде атайын техника менен тынымсыз иш алып барууда.

 

Эске салсак, кечээ аталган трассада катуу бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, жол убактылуу жабылган.