Бишкектеги Калыс-Ордо конушунда 140 орундуу бакчанын курулушу башталды.
Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде заманбап шарттар түзүлөт.
Аянты 1 миң 390 чарчы метрди түзгөн курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.