Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу убактылуу жабылды.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аталган трассанын Тамчы участкасында кар көчкү түшкөн.
Учурда жолчулар жолду кардан тазалап жатат.
Көчкүнүн көлөмү 1 миң 750 куб метрди түзөт. Каттам жакынкы сааттарда ачылат деп күтүлүүдө.