Быйылкы жылдагы ажылык сапардын баасы 3 миң 900 доллар болду.
Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Андан такташкандай, буга чейин 1 миң доллар төлөм жүргүзгөндөр калган суммасын 17-апрелге чейин төлөшү керек. Былтыр ажылык сапардын баасы 4 миң 500 доллар болгон.
Белгилеп кетсек, быйыл Сауд Арабия тарабынан Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 6 миң 110 квота бөлүнгөн.