Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда

Нарын шаарынын ички көчөлөрү оңдолууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда шаардын Ак-Мөөр, Баетов, Чоробаев жана Муканбет уулу Улан көчөлөрүндөгү эски асфальт катмары сыйрылып, жаңы асфальт төшөөгө даярдалып жатат.

 

Ал эми Алаев көчөсүнө асфальт жаткыруу үчүн жолду тегиздөө иштери жүрүүдө.

 

Мындан тышкары, мамлекеттик маанидеги Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма унаа жолунун 0-82-чакырым аралыгындагы шагыл катмар тилкесин калыбына келтирүү жумуштары жүрүп жатат.