Кара-Сууда 757 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кайрымдуулук иш-чаралары район аймагындагы 27 мечиттин жамааты тарабынан көрсөтүлүп, анын жалпы суммасы 1 млн 655 миң 443 сомду түздү.
Эске салсак, Кара-Суу районуна караштуу 8 мечиттин жамааты Рамазандын алгачкы он күндүгүндө 250 муктаж үй-бүлөгө 560 000 сомдук жардам көрсөткөн болчу.