Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланат

Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин жарыяланат. Бул тууралуу БШКдан 24 агенттигине билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда талапкерлерди жылдыруу жүрүп жатат. Учурга карата алардын саны 15ке жетти. Белгилеп кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди жылдыруу 27-апрелде… Кененирээк…

Жыл башынан бери өлкөдө суу майдын баасы орточо эсеп менен 13 сомго арзандады

Жыл башынан бери өлкөдө суу майдын баасы орточо эсеп менен 13 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Эгер өткөн жылдын аягында майдын бир литри 179 сомдон сатылып келсе, мартта баалар  166 сомго түштү.   Учурда эң кымбат май Кара-Сууда сатылууда – 191 сом,… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда түндө  күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунда түндө  күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер алдындагы силкинүүлөр Жети-Өгүздө – 3,5 балл, Каракол шаарында, Чоң-Кызыл-Суу, Теплоключинка айылдарында 3 баллдай сезилди.   Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Бишкекке жылуулук кайтып келди

Бишкекке жылуулук кайтып келди. Бирок болгону 2 күнгө эле. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү ордо калаада күн 30 градуска чейин ысыйт.   Бул нормадан 8-10 градуска жогору. Мындай аба-ырайы эс алуу күндөрүнө чейин созулат.   Ишемби, жекшембиде кайрадан жаан жаайт. 17-18-апрелде кескин суук болот,… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп директорлорунун бош орундарына сынак жарыялады.   Ведомство маалыматына ылайык, Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 23, Ошто – 54, Ысык-Көлдө – 8, Талас облусунда – 4, Нарында – 3, Баткен облусунда – 25, Жалал-Абадда 56 ваканттык орундар бар.   Документтерди талапкерлер… Кененирээк…

Кыргызстанда эмдөө маселелери боюнча ишеним телефондору иштеп баштады

Кыргызстанда эмдөө маселелери боюнча ишеним телефондору иштеп баштады.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, В гепатитине, адамдын папиллома вирусуна жана covid-19га каршы вакцина тууралуу маалымат берүүчү чалуу борбору күн сайын эртең мененки саат 8ден, кечки 6га чейин иштейт.   Максаты – аталган ооруларды алдын алуу… Кененирээк…

Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутаттыкка талапкерлер 30-апрелге чейин шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек

Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутаттыкка талапкерлер 30-апрелге чейин шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек. БШКдан 24 агенттигине билдиришкендей, сумма 100 миң сомду түзөт.   Эгер талапкер күрөөнү өз убагында төкпөсө, ал жарыштан четтетилет.   Эгер шайлоого катышкан талапкер 5 пайыздан кем эмес добуш чогулта алса,… Кененирээк…

Стресстен арылуу үчүн мыкты көнүгүүлөр аталды

Стресстен арылуу үчүн мыкты көнүгүүлөр аталды. Адистердин айтымында, чыңалган абалдан кутулууга күч келтирген же кардио машыгуу эң жакшы жардам берет. Андан тышкары, көнүгүүлөрдү аткаруу менен эс алууну айкалыштырган интервалдык машыгуу дагы натыйжалуу.   Йога практикалары дагы стресстен арылтат, анткени ал мээни эс алдырып, денени жибитет.… Кененирээк…

Ишкерлерди тейлөө боюнча борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылат

Ишкерлерди тейлөө боюнча борборлор Кыргызстандын бардык аймактарында ачылат. Аларда ошондой эле стартаптар, бизнес-долбоорлор каралып, мыктылары тандап алынып, авторлорго юридикалык колдоо көрсөтүлөт.   Андан тышкары, жаш ишкерлерге каржылык сабаттуулук боюнча окутуулар өткөрүлүп, жакшы долбоорлорго каржылоо дагы каралат. Мындай борборлордо бизнес-программалар иштетилип, аларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү барларга… Кененирээк…

БШК Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутатты шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады

БШК Жогорку Кеңешке Ленин райондук округ боюнча депутатты шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмесин жарыялады.   Шайлоого катышууга укуктуу адамдардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Жарандар андан өзүнүн жеке маалыматын текшерип, зарыл болсо 17-майга чейин өзгөртүүлөрдү киргизе алат.   23-майга карата добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси… Кененирээк…